Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрда Беларуска жумуш сапары менен барат.
Анын алкагында, Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Отурумдардын күн тартиби соода-экономикалык жана ар кандай тармактарды камтыган кызматташуунун кеңири чөйрөсүн камтыйт.
Ошондой эле, “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, көргөзмөнүн “Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири бирин толуктоочу өнөктөштүк” аталышындагы пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Белгилей кетсек, иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.



