7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында тоо текелеринин үйүрү жана илбирс видеого тартылды

175

Нарын облусунда тоо текелеринин үйүрү жана сейрек кездешүүчү илбирс видеого түшүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусундагы өрөөндөрдүн биринен жапайы жаныбарларды жакын аралыктан видеого тартып алышкан.

Кадрларда тоо текелеринин үйүрү жана илбирс өзүнүн табигый чөйрөсүндө жүргөнү чагылдырылган.

Министрликтин маалыматына караганда, бул көрүнүш аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо иштеринин маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Ведомство жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо багытындагы иштерди улантарын белгиледи.

176