7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт коёт

8

18-октябрда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Бишкекте концерт коёт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Концерт Бишкек Аренада Las Mujeres Ya No Lloran World Tour деп аталган дүйнөлүк турунун алкагында өтөт.

«Бул Шакиранын Борбор Азиядагы биринчи концерти болот», — деп жазды Каныбек Туманбаев.

Концертке билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө башталат. Билеттердин баасы категориясына жараша 12 000 сомдон 40 000 сомго чейин болот:

  • фан-зона — 40 000 сом;
  • бий аянтчасы — 27 000 сом;
  • Skybox — бир адамга 30 000 сом;
  • орундуктар — 13 500 сомдон 40 000 сомго чейин;
  • капталдагы орундар — 12 000 сом.

VIP билеттер кийинчерээк чектелген санда сатыкка чыгат.

9