Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Бурул Аманова мектептеги окуу китептеринин салмагы оор болуп жатканын айтты.
Ал мындан улам башталгыч класстын окуучуларынын жон баштыктары жети килограмм салмактан ашып кетип жатканына нааразы болду.
«Белиң ооруп кайрылсаң, дарыгерлер деле беш килограммдан ашык көтөрбөөнү сунушташат. Кичинекей балдар үчүн бул оордук кылат. Бул жаатта Агартуу министрлиги иш алып барат деген үмүттөмүн»,- деди эл өкүлү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



