Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мектептерде ата-энелерден көмүскө акча чогултуулар болуп жатканын айтты.
«Ата-энелердин WhatsApp тайпаларында ызы-чуулар болууда. Оңдоп-түзөө иштерине, техикалык кызматкердин айлык акысына, борго, самынга, тазалыкка акча чогулткула дешүүдө. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, билим берүү тармагында 2,5 миллиард сом ушундай көмүскө акча чогултуулар болот экен. Президенттин ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган жарылыгы чыккан. Бирок ал жарлыкты ишке ашыра турчу министрлер чабал болуп жатышат. Тазалыкка болгону 175 миллион сом бөлүнөт экен», — деди эл өкүлү.
Ал мектептердин тазалыгына бөлүнө турчу акча каражатын кайра карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле депутат мектептердеги техникалык кызматкерлердин санын көбөйтүүнү жана алардын маянасын көтөрүү керектигин кошумчалады.



