Бүгүн, 30-сентябрда кыргызстандык балбан Асан Жанышов Жапонияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты.
Ал чейрек финалда өзбекстандык балбанды утуп, жарым финалда казакстандык атаандашын 6:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, Асан Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүүдө.



