7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 100 жаштан жогорку курактагы 178 кары жашайт

11

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алдында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды. Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.

Алардын ичинен 21 адам Бишкекте турат. Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алды. Узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын эмгектик жана коомдук салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуулар болду. Данияр Амангелдиев улуу муун өкүлдөрүнө урмат-сыйын жана ыраазычылыгын билдирип, алардын муктаждыктарына көңүл буруунун жана татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.

12