Дзюдочусу Эрлан Шеров Жапонияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда БАЭнин өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга өткөн.
Жарым финалда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Шеров финалда Япониянын өкүлү Рику Окада менен беттешет.



