7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дзюдочусу Эрлан Шеров финалга чыкты

5

Дзюдочусу Эрлан Шеров Жапонияда өтүп жаткан XX Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда БАЭнин өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Шеров финалда Япониянын өкүлү Рику Окада менен беттешет.

6