Бишкектин Биринчи май районунун аймагында 1-октябрдан 31-декабрга чейин митинг жана пикет өткөрүүгө тыюу салынды.Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы биздин редакцияга билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Биринчи май райондук администрациясы ушул мезгил аралыгында тынч жыйындарда өткөрүүгө чектөө киргизүүнү өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канаттандырган. Соттун чечими 2022-жылдын март айындагы чектөөлөргө дагы байланыштуу. Анда Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку кеңештин айланасында, Панфилов паркында, эски Өкмөт үйүнүн алдында жана Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынган.
Мындан тышкары, УКМК, Жогорку сот, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана ИИМдин имараттарынын алдында тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.



