7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Нарында 433 жаңы батирдин ачкычын тапшырды

9

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземине катышты.

Өлкө башчы өз сөзүндө бүгүн кут даарыган Теңир-Тоо жергесинде жакшы саамалыкка күбө болуу үчүн келип олтурганын айтты.

«Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар үчүн оюн аянтчасы, эс алуу зоналары, спорттук аянтчалар, кеңсе жайлар, унаа токтотмолору сыяктуу зарыл шарттар каралган.

Эң алды баарыңыздарды Нарын шаары менен Кочкор айылынын көркүнө көрк кошуп жаткан жаңы турак жай комплекстеринин ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын! Үй ээлери, ак өргөөңүздөр кут болсун», — деди өлкө башчысы.

10