Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өлкөдө жаңы аэропорттор курулуп, учактар сатылып алынып жатканын билдирди.
Муну менен катар, Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыкканын да белгиледи.
Ошондой эле дагы төрт учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.
Учурда эки орто магистралдык аба кемеси жана эки турбовинттүү аба кемеси менен өлкөнүн авиациялык паркын кеңейтүү каралып жатат, — деди Касымалиев.



