7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Кадамжай жана Кызыл-Кыялыктар менен ачык диалог өткөрдү

16

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө тургундар мамлекет башчысына жеке кайрылууларына жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу өздөрүн түйшөлткөн суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүү, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тургундар турак жай менен камсыз кылуу, жер тилкелерин бөлүп берүү, жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле чечүүнү талап кылган башка актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү, тургундардын кайрылууларын өз убагында кароону жана өз компетенцияларынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алууну тапшырды.

 

17