Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Ошто мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачты.
Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чара мамлекеттик чек аралардын коопсуздугуна жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынын дагы бир айкын далили экенин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун бекемдөө – эң негизги милдеттерден болуп саналат. Мамлекет күчтүү болушу үчүн экономикасы туруктуу, мамлекеттик институттары натыйжалуу, коомдо мыйзамдуулук жана тартип бекем болушу керек. Акыркы жылдары өлкөбүздө инфратүзүмдү жаңылоого, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө, энергетикалык жана транспорттук потенциалды жогорулатууга, аймактарды өнүктүрүүгө жана куралдуу күчтөрдүн кесипкөй болушуна багытталган масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатат”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент мамлекет аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга, аскердик техникаларды жана курал-жарактарды жаңылоого, аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ошондой эле аскер кызматчыларынын татыктуу кызмат өтөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлүп, аскердик шаарчалар жана объектилер жаңыланып, турак жай жана социалдык маселелерди чечүү багытында иштер улантылууда.
Садыр Жапаров ушу тапта өлкөбүздүн мамлекеттик чек арасы инженердик-техникалык жактан бекемделип, анын ичинде кыргыз-тажик чек ара тилкеси атайын зым тосмолор менен тосулганын өзгөчө белгиледи.
Ал бул иштерди уюштуруп, жүзөгө ашырууга өзгөчө салым кошуп келген Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өздүк курамына терең ыраазычылык билдирди.
“Мамлекеттик чек араны кайтарып, Мекен үчүн өтө жооптуу милдетти татыктуу аткарып келе жаткан ар бир аскер кызматчысынын эмгегин жогору баалап, аларды колдоо жана сыйлоо максатында 30 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүп бердим. Бөлүнгөн каражат ар бир аскер кызматчысына тиешелүү тартипте толук жана адилеттүү жеткирилсин!”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент мамлекет аскер кызматчыларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды кеңири колдонуу аркылуу чек арабызды көздүн карегиндей кайтаруунун натыйжалуулугун мындан ары да арттырарын кошумчалады.
Андан соң мамлекет башчысы аскердик комплекстин спорт залын, чек аралык даңк музейин жана спорт шаарчасын көрүп чыкты. Ошондой эле коменданттык ротаны жана жатакананы кыдырып, аскер бөлүгүнүн ашканасында аскер кызматчылары менен бирге тамактанды. Анда Садыр Жапаровго жуманын ар бир күнүнө карата түзүлгөн тамак-аш рационунун үлгүлөрү көрсөтүлдү.



