Энергетика министри Ош электр тармактар ишканасында кеңешме өткөрдү
12
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош электр тармактар ишканасынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Жыйында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык, электр тармактарын жаңылоо, акылдуу эсептегичтерди орнотуу жана санариптик чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды.
Министр күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдануунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге пландалган иштерди белгиленген мөөнөттө аткаруу тапшырды.