Кыргызстанда 2-жана 8-класстардын окуучулары үчүн жалпы 297 миң 155 окуу-методикалык комплект басылып чыкты.
Бул тууралуу «Окуу китеби» басма үйү маалымдады. Анын ичинен кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн 182 миң 255, орус тилинде окутулган мектептер үчүн 114 миң 900 комплект даярдалган.
Тактап айтканда, 2-класстар үчүн 144 миң 680, ал эми 8-класстар үчүн 152 миң 475 комплект басылып чыкты.



