Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду.
2026-жылдын 1-декабрынан тартып Кызматкерлердин айлык маянасы 10 миң сомго көбөйөт. Ошол эле учурда үстөк акылардын өлчөмү азайтылат.
Кызматка жаңы кабыл алынгандардын айлыгы кеминде 4 миң сомго жогорулайт.
Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиясы да көбөйтүлүп, 10 миң сомго чейин жетет.



