Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик «Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен жолукту. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Жолугушууда Бишкек – Прага түз аба каттамын ачуу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуудан кийин Чехиянын делегациясына жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту көрсөтүлдү. Коноктор аэропорттун жаңыланган инфраструктурасы, заманбап жабдуулары жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышты.
Кийинки этапта «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын делегациясы Прага эл аралык аэропортуна барып, түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.



