7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Талас Арена» стадионунун ачылыш аземи 2- ноябрга жылдырылды

14

Талас шаарында орун алган «Талас Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи жаңы датага жылдырылды, азем 2-ноябрда орун алып, Жогорку лиганын 29-турунун алкагындагы «Талант» (Беш-Күнгөй айылы) — «Азия» (Талас шаары) клубдарынын беттеши менен уланат.

«Талас Арена» Талас шаарынын «Азия» футбол клубунун үй стадиону болот. 2026-жылдын башында негизделген клуб Талас облусунда футболду өнүктүрүүгө, жергиликтүү жаш футболчулардын дараметин ачууга жана аймактын футболдук аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, заманбап талаптарга жооп берген жаңы стадион 5000 ашуун көрүүчүгө ылайыкталды. Стадиондун негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, анын айланасында чуркоо жолдору курулат. Ошондой эле стадионго караштуу аймакта жасалма чөп төшөлгөн машыгуу талаасы, үч кичи оюн аянтчалары, воркаут жана фудкорт аянтчалары жайгашат.

Комплекстин аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жай курулду. Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана функционалдык бөлмөлөр, жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал жана административдик бөлмөлөр, фитнесс-залы орун алды.

Мындан тышкары, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, телеберүү адистери жана беттештин расмий өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, VAR системасын орнотууга бардык шарттар түзүлдү.

15