Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди.
Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.



