7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир күндө миңден ашык арыз! «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу мобилдик тиркемеде

10

«Балага сүйүнчү» жөлөк пулун алууга арыз берүүчү мобилдик сервис ишке кирген биринчи күнү 1 029 арыз кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздардын 584ү же 56,8%ы «Түндүк» тиркемеси аркылуу берилген. Ал эми калган 445 арыз же 43,2%ы Калкты тейлөө борборлору жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары аркылуу кабыл алынган.

Министрликтен белгилешкендей, жаңы сервис ата-энелерге мекемелерге барбастан, жөлөк пул алуу үчүн электрондук түрдө арыз берүүгө шарт түзөт. Ошол эле учурда документтерди тиешелүү мекемелер аркылуу тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталган.

11