7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети картошка импортуна жарым жылга тыюу салды

14

Кыргызстанда картошка импортуна алты айга тыюу салынды. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду.

Министрлер кабинетибул чечимди ата мекендик картошка өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту өнүктүрүү зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Ошол эле учурда бир катар өзгөчөлүктөр каралган. Тыюу салуу КР аймагы аркылуу транзит менен ташылган картошкага жана токтом күчүнө киргенге чейин өлкөгө жөнөтүлгөн партияларга жайылтылбайт. Эки учурда тең жөнөтүлгөн күнүн тастыктаган документтер, ал эми транзиттик жүк үчүн ташуу маршуруту да талап кылынат.

Мындан тышкары, илимий изилдөөлөр, сыноолор жана башка атайын иш-чаралар үчүн картошканы алып кирүүгө уруксат берилет.

Экономика жана коммерция министрлигине киргизилген чектөөлөр тууралуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине — КМШнын Аткаруу комитетине кабарлоо тапшырылды. Токтом үч күндөн кийин күчүнө кирет.

15