7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте автобус 6 унааны сүздү

12

      Бишкекте 15-октябрда саат 21:00 чамасында Чүй проспектисинде коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, 1985-жылы туулган З.И.Н. башкарып бараткан №38 автобус Чүй проспектиси менен батыш багытта бара жаткан. №190 үйдүн маңдайында ошол эле багытта бара жаткан 6 унааны: «Киа K5», «БМВ X5», «Чанган», «Киа K7», «Тойота Камри» жана «Хонда Аккорд» унааларын сүзгөн.

     Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркады. Алардын экөө баш мээси чайкалып, Улуттук госпиталга кайрылып, амбулатордук медициналык жардам алышты. Дагы эки жаран көкүрөк жана моюн жаракаты менен Чүй облустук ооруканасына кайрылышкан. Аларга да амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

     «Алдын ала маалыматтар боюнча, коомдук транспорттун айдоочусу мас болгон», — дешти Милициянын кайгуул кызматынан.  Учурда жол кырсыгы боюнча зарыл болгон материалдар топтолуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт.

13