Анын айтымында, буга чейин бул жерде 50 жылдан ашык убакыт мурда отургузулган бийик теректер өсүп турган. Убакыттын өтүшү менен алардын айрымдарынын учтары куурай баштаган. Мындан тышкары, жолду кеңейтүү зарылчылыгы жаралгандыктан, теректерди кыюуга туура келген.
Орунбеков теректердин кыйылышы коомчулукта нааразычылык жаратканын белгилеп, алардын ордуна көп жылдык кызыл клён бактары отургузулганын айтты.
Бүгүнкү күндө көчөттөр өсүп, көчөгө көрк берип калды.
«Интернеттен карасам, клён бактарынын айрым түрлөрү 150–200 жыл, айрымдары 300 жылга чейин жашайт экен. Демек, бүгүн биз тигип, өстүрүп жаткан бактар, буюрса, бизден кийин да далай муунга көлөкө болуп, шаарыбызга кылымдар бою көрк берип турат», — деп жазды Дайыр Орунбеков.



