Айзада Субакожоева башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчысынын администрациясынын маалыматы боюнча, Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды.
Айзада Субакожоева ар кайсы жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде, өлкөнүн Кытайдагы элчилигинде жана президенттин аппаратында эмгектенген. 2018–2021-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары кызматын ээлеген.
2022-жылдын сентябрь айында ТИМдин Экинчи саясий департаментинде иштеген. Кийинчерээк Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлеген, ал эми 2026-жылы тиешелүү улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары болгон.
Кыргызстандын Кытайдагы мурунку элчиси, 2022-жылдын сентябрында дайындалган Актилек Мусаева мамлекет башчысынын жарлыгы менен бул кызматынан бошотулду.



