Кыргыз улуттук «Манас» театрында залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагынын финалында 14 акын тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, манасчылык өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулду.
Финалга өткөн акындардын тизмеси:
- Кутман Садыбакасов
- Асылбек Маратов
- Акматбек Султан уулу
- Жылдызбек Төрөканов
- Чыңгызхан Кожошев
- Болот Назаров
- Темирбек Матыбаев
- Шайлобек Отунчиев
- Жамайка Токонова
- Мундузбек Борончеув
- Актилек Кулпеишов
- Медер Курманалиев
- Турат Жемаев
- Аскар Аязбеков
Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 22-октябрында саат 12:00дө Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы маданият үйүндө өтөт.
Иш-чаранын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.



