7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш манасчылардын республикалык сынагы: Финалга 14 акын тандалды

8

Кыргыз улуттук «Манас» театрында залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагынын финалында 14 акын тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, манасчылык өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулду.

Финалга өткөн акындардын тизмеси:

  • Кутман Садыбакасов
  • Асылбек Маратов
  • Акматбек Султан уулу
  • Жылдызбек Төрөканов
  • Чыңгызхан Кожошев
  • Болот Назаров
  • Темирбек Матыбаев
  • Шайлобек Отунчиев
  • Жамайка Токонова
  • Мундузбек Борончеув
  • Актилек Кулпеишов
  • Медер Курманалиев
  • Турат Жемаев
  • Аскар Аязбеков

Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 22-октябрында саат 12:00дө Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы маданият үйүндө өтөт.

Иш-чаранын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

 

9