7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Армения бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

5

Бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кабыл алынган документтердин тизмеси:

• Президент С. Жапаров менен Армения Республикасынын Премьер-министри Н. Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү;

• Министрлер Кабинети менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;

• Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы;

• Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

• Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөмеморандум;

• Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Армения Республикасынын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Армения Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму;

• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

• Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Ереван шаарынын (Армения Республикасы) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.

6