7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапары аяктады

3

15-17-октябрь күндөрү өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапары аяктады.

Мамлекет башчысы 15-октябрда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.

16-октябрда Садыр Жапаров “Лидерлер жаратылыш үчүн” саммитинин пленардык жыйынынын ачылышында сөз сүйлөп, глобалдык жылуулуктун кесепетинен Борбордук Азияда мөңгүлөрдүн эриши көйгөйүн чечүүгө багытталган бир катар негизги демилгелерди сунуштады.

Ошол эле күнү Президент ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Армениянын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкө лидерлерин Кыргызстанга иш сапарлары менен келүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 10 документке кол коюлду.

Бүгүн, 17-октябрда, Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

4