Бүгүн, 18-октябрь республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидромет кызматы билдирди.
Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.
Күн Чүй, Нарын, Талас өрөөндөрүндө 17…22, Ысык-Көл облусунда 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25 градусту жылыйт.
Термометр Бишкекте 18…20, Ош шаарында 23…25 градусту көрсөтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир аймактарда 19-20 метрге жетиши ыктымал.