Кыргызстанда аба операторунун сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул чечим өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүгө, жаңы авиакомпанияларды түзүүгө жана ички, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Бул мораторий 2024-жылы киргизилген мораторий учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана авиация тармагын реформалоо максатында кабыл алынган.
Бул мезгилде жарандык авиациянын улуттук системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылган»-, деп жазылат маалыматта.
Мораторийдин алынышы тармакка инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Ошол эле учурда жаңы авиакомпаниялар белгиленген сертификациялык талаптардан толук өтүп, аба кемелеринин, кызматкерлердин жана инфраструктуранын коопсуздук стандарттарына шайкештигин тастыктоого милдеттүү.
Тиешелүү мамлекеттик орган аба кемелеринин техникалык абалына, кызматкерлердин даярдыгына жана учуулардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.
Негизги максат — авиакомпаниялардын санын көбөйтүү менен бирге коопсуз, атаандаштыкка жөндөмдүү авиация тармагын өнүктүрүү. Бул өлкөнүн экономикасына, туризмине жана эл аралык байланыштарына оң таасирин тийгизет.



