7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандыктар менен белорустар бири-биринин өлкөсүндө 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат

14

Кыргызстандыктар менен белорустар бири-биринин өлкөсүндө 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Бул тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды.

Келишимге ылайык, 30 күндүк мөөнөт өлкөгө кирген күндөн тартып эсептелет. Эгер жаран белгиленген мөөнөттөн узак калууну пландаса, тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүшү керек.

Документке 2025-жылдын 29-сентябрында Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин Минск шаарына расмий сапары учурунда кол коюлган. Келишим эки өлкөнүн жарандары үчүн каттоо жол-жобосун жеңилдетип, экономикалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

15