7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 5 күнгө унаа кыймылына чектөө киргизилет

3

Бишкекте «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкесин өткөрүүгө байланыштуу айрым көчөлөрдө беш күнгө унаа кыймылы чектелет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматына ылайык, убактылуу чектөөлөр 21-октябрдан 25-октябрга чейин күчүндө болот.

Алар Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүктөрүн, Эски аянттын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймагын жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасын камтыйт.

Мындан тышкары, жарманкеге келгендердин унаалары үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалынын жанында атайын унаа токтотуучу жай даярдалат.

Көргөзмө жана жарманке 23-25-октябрь күндөрү өтөт. Айдоочуларга жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.

 

4