Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун кеңейтүү үчүн маалыматтык технологиялар, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, финтех, эл аралык логистика, туризм, билим берүү жана медицина тармактарын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту ички рыноктун чегинен чыгып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү кардарлар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Бул максатта санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо, кесиптик квалификациялардын эл аралык деңгээлде таанылышына шарт түзүү жана трансчекаралык төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү каралууда.
Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоочулар үчүн жагымдуу салыктык жана жөнгө салуучу шарттарды түзүү пландалууда.
Президент «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагына (СФИТ) өзгөчө токтолуп, аны эл аралык капиталды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык долбоорлорду бириктирген жаңы финансылык борбор катары өнүктүрүү ниетин билдирди.
Анын айтымында, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун өнүктүрүү экономиканы диверсификациялоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.



