Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу алдыдагы беш жылдын артыкчылыктуу багыттарынын бири болот.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы туризмди кирешелүү жана жыл бою иштеген тармакка айландыруу үчүн заманбап инфратүзүмдү түзүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Бул багытта «Ала-Тоо Резорт», «Байтик Резорт» жана «Чаткал Резорт» долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда.
Ошондой эле Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык иш-чараларды өткөрүү аркылуу бизнес-туризмди өнүктүрүү каралууда.
Президент тоолуу аймактарда чакан бизнес ачууга кызыкдар жарандарды улуттук ашкана, ат менен сейилдөө, тоо экскурсиялары жана сапаттуу туристтик кызматтарды уюштуруу багытында иш алып барууга чакырды.
Мындан тышкары, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү чынжырчасын калыптандыруу аркылуу өлкө ичинде түзүлгөн кошумча наркты максималдуу көбөйтүү тапшырылды.



