21–23-октябрь күндөрү Франкфурт шаарында Routes World 2026 эл аралык авиациялык форуму өттү. Ага дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүнүн авиакомпанияларынын жана аэропортторунун өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын атынан «Кыргызстан аэропорттору» ААК жана Asman Airlines авиакомпаниясы катышып, эл аралык өнөктөштөр менен жаңы аба каттамдарын ачуу, кызматташтыкты өнүктүрүү жана учуулардын географиясын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын форумга катышуусу быйыл өзгөчө мааниге ээ болду. Өлкөнүн авиациялык «кара тизмеден» чыгарылышы эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мындан тышкары, «Кыргызстан аэропорттору» форумдун экинчи күнүнүн расмий демөөрчүсү болду.



