7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын эли менен жолугушту

15

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 2021-жылы Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү кирешелеринин көлөмү 114,9 млн сомду түзгөнүн, ал эми 2025-жылы бекитилген кирешелер көлөмү 125 млн сомго жеткенин билдирди. Мындан тышкары, шаарга республикалык бюджеттен 389,9 млн сом бөлүнгөн. Ошентип, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын кирешелеринин жалпы көлөмү 515 млн сомду түзгөн.

Кара-Көл шаары тууралуу сөз кылып жатып, Президент шаардын жергиликтүү кирешелеринин көлөмү 2021-жылдагы 112 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомго чейин, башкача айтканда, 2,3 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Кошумча республикалык бюджеттен 319 млн сом бөлүнүп, натыйжада 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын жалпы кирешелеринин көлөмү 581 млн сомду түзгөн.

Мамлекет башчысы Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталганын да маалымдады.

“Мындан туура бир жыл мурда мен Кара-Көлдө кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышкам. Бүгүн бул станция өлкөбүздө электр энергиясын өндүрүүгө өз салымын кошуп жатат. Бул – аймактын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүнүн дагы бир конкреттүү натыйжасы. Ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жүзөгө ашырылууда.

Бул иштердин баарынын негизги максаты – электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү”, — деди президент.

Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад облусунун өнөр жай борборлорунун бири экенин өзгөчө белгиледи. Иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүү жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча иштер уланууда. Атап айтканда, «Таш-Көмүр» коомдук фонду көмүр казып алуу жана кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууда. Ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда.

Президент калкты турак жай менен камсыз кылуу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 183 жаран турак жай алууга кезекте турат. 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көмөгү менен 2 779 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Учурда облуста жалпы 12 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Алардын катарында Кара-Көл шаарындагы 180 батирлүү турак жай комплекси да бар.

Мамлекет башчысы артыкчылыктуу милдеттердин катарында мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу жана оңдоо, ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерин белгиледи. Ал 2028-жылга чейин мектептер менен камсыздоо маселесин толук чечүү максаты коюлганын, андан кийин негизги көңүл бала бакчаларга жана маданият үйлөрүнө буруларын айтты. Суу түтүктөрүнүн тармактарын модернизациялоо жана ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу иштери улантылат.

Жолугушуунун соңунда баарлашуу суроо-жооп форматында уланды.

16