Бүгүн, 24-октябрда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…+5 күндүз +5…+10;
Таласта түнкүсүн 0…+6 күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8 күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусу түнкүсүн -1…+6 күндүз +4…+9;
Нарында түнкүсүн -1…-6 күндүз +10…+15;
Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз +8…+10 градус болот.



