7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 6 миңден ашык карызы барлардын электр жарыгы өчүрүлөт

12

Бишкекте дүйшөмбү күнү, 26-октябрда, электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгын аралыктан өчүрүү пландалууда. Бул тууралуу  Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматы боюнча, өчүрүүлөр акылдуу эсептегичтеринин жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Энергетиктер шаар тургундарын электр энергиясыз калбоо үчүн карыздарды өз убагында төлөөгө чакырат.

Өздүк эсептин абалын ишкананын расмий сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн текшерүүгө болот. Турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн «Мой свет» мобилдик тиркемеси да жеткиликтүү, аны Google Play жана App Store дүкөндөрүнөн көчүрүп алууга болот.

Суроолор жаралган учурда абоненттер күнү-түнү иштеген колл-борборго 105 кыска номери, 0772001209 жана 0556001209 телефондору, ошондой эле 0702001209 WhatsApp номери аркылуу кайрыла алышат.

Эсептерди банк тиркемелери, электрондук капчыктар, төлөм терминалдары жана банк кассалары аркылуу төлөөгө болот.

Ишканадан электр энергиясы үчүн төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлөрүн, ошондуктан абоненттерге карыздарды пландаштырылган өчүрүүгө чейин төлөө сунушталарын баса белгилешти.

13