Президент Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.



