7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо 530 ипотекалык батирдин курулушу ноябрда аяктайт

14

Каракол шаарындагы «Хан-Теңири» турак жай комплексинин экинчи этабында курулуп жаткан 530 ипотекалык батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматкерлерге батирлерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. Ал ошондой эле комплексти жылуулук менен камсыз кылуучу откананын ишин көрдү.

Былтыр комплекстин биринчи этабында 420 батир пайдаланууга берилген. Долбоор жалпысынан 69 турак жай блогунан турган 3 миң 430 батирди, эки бала бакчаны жана бир мектепти камтыйт.

15