Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урмат Асанбаев билдирди. Ал мындай тапшырма 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында камтылганын айтты.
«Өкмөттүн тиешелүү токтому бар. Аны буйруса ишке ашырабыз. Учурда курула турган жерлерди аныктап жатабыз. Кийин аны Курулуш министрлигине өткөрүп беребиз, алар салып башташат,» — деди Асанбаев.
Ошондой эле, ал жети облустун борборуна жети спорт комплекси куруларын кошумчалады.



