Нарын облусунун Кочкор районунда 4500 көрүүчүгө ылайыкталган борбордук стадиондун курулушу уланууда.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Стадиондун жалпы аянты 2,5 гектардан ашык жерди түзөт. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу административдик имарат, 7140 чарчы метрлик футбол талаасы, алты тилкелүү чуркоо жолу, төрт жарыктандыруу мунарасы, LED-экран, VIP-коноктор жана медиа өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралган.
Мындан тышкары, стадиондун айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жай жасалат.
Учурда бетон куюу иштери толук аяктап, административдик имараттын ичинде жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Футбол талаасына дренаждык система орнотулуп, шагыл жана топурак төшөлдү. Алдыда газон төшөө иштери башталат.




