Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Адахан Мадумаровго кол салуу болду деген маалымат тараган.
Ички иштер министрлиги бул маалыматты текшерип, чындыкка дал келбестигин билдирди.
ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырып, текшерилген, расмий булактардагы маалыматтарга гана таянууга үндөйт.



