Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына 92 миң сом айып пул салынганын билдирди.
Министрликтин маалыматында “Тазалыктын” автоунаалары текшерилип, машинелерден чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемден ашык экени аныкталган. Анын жыйынтыгында Укук бузуу жөнүндө кодекс боюнча төрт протокол түзүлүп, 92 миң сом айып салынган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы ишканага автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык кароодон өткөрүү боюнча эскертүү берди.



