Нарын облусунун Кочкор районунда үч кабаттуу заманбап дарыгерлик практикалык борбору салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Архитектуралык долбоорго ылайык, медициналык борбор эки корпустан турат. Имараттын жалпы аянты 6 661 чарчы метрди түзөт. Анда 40ка жакын бейтап палатасы, дарыгерлердин бөлмөлөрү, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация бөлүмү, стерилдөө бөлмөсү, жыйындар залы жана ашкана каралган.
Объекттин курулушу 2025-жылдын октябрь айында «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан башталган. Бүгүнкү күндө курулуш аянтында бир катар иштер аткарылып, имараттын айланасына дренаждык система орнотулду. «А» жана «Б» блокторунун, өтмө галереянын колонналары менен ригелдери куюлду. Учурда имараттын тышкы дубалдарын бекемдөөчү конструкциялар орнотулуп, кыш кыноо иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун ишке ашырылышы Кочкор районундагы медициналык инфратүзүмдү жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү калкка заманбап жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.



