Президент Садыр Жапаров 30-октябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
— Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы;
— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени” менен сыйлоо жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
— Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө чечим.



