Бишкекте Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын алкагында жашылдандыруу акциясы өттү.
Анын жүрүшүндө «Бишкек Арена» стадионунун жанындагы 750 чарчы метр аянтка 58 чынар жана 2,5 миңден ашык декоративдүү бадалдар менен көп жылдык өсүмдүктөр отургузулду.
Акцияга мамлекеттик мекемелердин жана эл аралык уюмдардын 60тан ашык өкүлү катышты. Иш-чараны Германиянын Бишкектеги элчилиги, GIZ жана «Бишкекжашылкурулуш» уюштурду.



