ИИМдин маалыматына ылайык, АКШнын DEA башкармалыгынын жана Интерполдун көмөгү менен Кыргызстандын жараны мекенине экстрадицияланды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдары тарабынан Америка Кошмо Штаттарынан Кыргызстанга баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып кирип, андан ары сатууга багытталган схема аныкталган.



