Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы жана кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Өкмөт башчысы куттуктоосунда маданият улуттун жүзү, мамлекеттин руханий тиреги жана тарыхый эс тутуму экенин баса белгиледи. Анын айтымында, ааламдашуу доорунда өлкөнүн тилин, маданиятын жана баалуулуктарын сактоо өзгөчө мааниге ээ.
Акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет тарабынан маданият тармагын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого жыл сайын 6-10 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнүүдө. Бул аралыкта “Айтматов ааламы” комплекси, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият университетинин жаңы имараты, Нарын жана Ак-Талаадагы маданият борборлору, ошондой эле 2024-жылдын жазында “Манас” театрынын 300 орундуу жаңы имараты курулду. Мындан тышкары Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры, Чүй облустук драма театры, Кыргыз мамлекеттик цирки, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры жана Бабур атындагы Ош өзбек драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды.
Ошондой эле өкмөт башчысы Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук маданиятты жана көчмөндөр цивилизациясын дүйнөгө даңазалоого чоң салым кошконун белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев маданият өкүлдөрүнүн эмгегине ыраазычылык билдирип, арга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана “кыргыз кереметинин” жаңы толкунун жаратууну каалады



